• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар "Текшер" тиркемеси аркылуу товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшере алат

Экономика 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар "Текшер" мобилдик тиркемеси аркылуу товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын өз алдынча текшере алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы кабарлайт.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан товарларды маркалоонун улуттук оператору – "Альфа Телеком" ЖАК менен биргеликте ишке киргизилген "Текшер" тиркемеси элдик контролду жүргүзүүгө жана сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

Текшерүү үчүн "Текшер" тиркемесин жүктөп алып, товардын таңгагында жайгашкан маркалоо кодун сканерлөө керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Салык органдарынын кызматкерлери тийиштүү контролдук иш-чараларды өткөрүшөт. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экендигин байкап, ошондой эле контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алышат.

"Текшер" тиркемеси аркылуу маркалоо кодун сканерлөө менен продукция жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде товардын толук аталышын, аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматты, товардык белгини/брендди, товар чыгарылган өлкөнү, товардын шайкештигин ырастоочу документтин түрүн ж. б. алууга болот.

Эске салсак, алкоголь жана тамеки продукциялары идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого жатат.

Маркалоо коду керектөөчүлөрдү мыйзамсыз жана контрафакттык продукциялардан коргоо максатында маркаланган продукциянын ар бирин өндүрүүчүдөн же импорттоочудан акыркы керектөөчүгө чейин байкоо жүргүзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий