• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктар Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө 8 миң доллардан ашык акча чогултушту

Коом 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду “Азаттыктын” маркум журналисти Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө жардам катары акча чогултууну жыйынтыктады. Уюм билдиргендей, 8 миң доллардан ашык каражат чогулган.

“Азаттыктын” маалыматына караганда, анын ичинен 7,7 миң долларды чет өлкөлүк кыргызстандыктар чогултушкан. 47 миң сомду Кыргызстандын жашоочулары, Европадагы мекендештер 175 евро, Россиядагылар 5 миң рубль чогулткан.

Уланбек Эгизбаев “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү болчу. Анын өлүмүнөн кийин уюм журналисттин үй-бүлөсүнө жардам катары акча чогултуу башталганы тууралуу жарыялаган.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жашында Ысык-Көлдө каза болгон. Милициянын алдын ала версиясы боюнча ал чөгүп кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары августтун аягына чейин белгилүү болот.

Эгизбаев үй-бүлөсүндө кичүүсү жана жалгыз уул болгон. Анын артында кош бойлуу аялы калды.

Пикир

Оставить комментарий