• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандыктар жүрөк оорусунун курмандыгы болуп калбоо үчүн текшерүүдөн өтө алышат

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Эртең, 29-сентябрда Бишкекте Кардиология борборунун башкы корпусунун алдында Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүнө карата активдүү скринингдик иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, адистер тарабынан артериялык кан басым ченелип, кандагы глюкозанын деңгээли аныкталат, тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жана туура тамактануунун негиздери тууралуу маектешүү болот

“Жүрөк-кан тамыр оорулары “үнсүз өлтүргүч” деп айтылат, анткени бул оорулар адам инсульт же инфарк алмайынча билинбейт. Кыргызстанда калктын 47%ы жогорку артериялык кан басым менен жабыркап келет. Андан тышкары, биздин өлкөдө ар юир экинчи эркек жана аялдардын 15%ы тамеки колдонот. Ошондой эле калктын 25%ы семирүү жана 47%ы ашыкча салмак менен жабыркайт. Кошумчалай кетсек, жарандардын канында холестериндин көп болушу зыяндуу тамактарды колдонууга байланыштуу. Калктын 80%ы жашылча-жемиштерди жетиштүү өлчөмдө колдонбойт. Жащ\шыл-жемиштердин рациондогу нормасы күнүнө 400 грамм”, - деди Сарыбаев.

Дарыгер балдарды жаш чагынан сергек жашоо образына үйрөтүү керектигин белгиледи. “Майлуу тамак-ашдан баш тартуу керек, майдын көп өлчөмү өсүмдүк тектүү болуусу шарт, ошондой эле тузду көп колдонуудан баш тартуу маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Сарыбаев кыргызстандыктарды жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алуу үчүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен көбурөөк алектенүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий