• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктар жаңы даяр паспортторду дем алыш күндөрү ала алышат

Коом 0

Бишкек, 25.11.21 /Кабар/. Жарандардын КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдында кайрылууларынын жогорулашына байланыштуу, КР жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту eID-картасын алууга мурда кайрылган жарандар, даярдоо мөөнөтүнө ылайык, 2021-жылдын 27-28-ноябрында бардык Калкты тейлөө борборлорунда жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторун ала алышат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бардык Калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторду берүү саат 8.00дөн 20.00гө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, бул күндөрү даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.

Паспорттун даярдыгы тууралуу маалыматты https://www.portal.tunduk.kg мамлекеттик кызмат порталынан, «Tunduk» мобилдик тиркемеси же КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин телефондук тейлөө борборунан 119 кыска номери аркылуу алууга болот (бардык байланыш операторлорунан чалуулар акысыз кабыл алынат).

Пикир

Оставить комментарий