• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар жайдын этегинде төрт күн эс алышат

Коом 0

БИШКЕК, 18.08.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Эмгек кодексине ылайык, кыргызстандыктар 31-августтан 4-сентярбга чейин төрт күн эс алышат.

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 31-август – КР Көз карандысыздыгынын күнү – календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат.

Мындан тышкары, өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы 1-сентябрды Курман айт майрамы катары белгилешти. КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык “Курман айт” иш күнү болуп эсептелбейт.

Ал эми 2 жана 3-сентябрь ишемби, жекшембиге туура келет. Ошентип, төрт күн катары менен эс алуу күнү болот.

Пикир

Оставить комментарий