• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктарды Германияда окутуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Билим 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Германиянын Федералдык иш менен камсыз кылуу агенттигинин делегациясы менен жолугушту.

Министрликтен билдиргендей, анда министрдин орун басары кыргызстандык адистерди Германияда ишке орноштуруу маселелерин талкуулады.

Германиянын Эмгек жана социалдык иштер боюнча федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер Кыргызстандан кадрларды тартуу аракеттери боюнча маалымат берди.

Ал эми Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда медициналык адистерди окутуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Министрдин орун басары Германиядан келген делегацияга ыраазычылыгын билдирип, башка кесиптер боюнча да окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени көтөрдү.

ГФРнын өкүлдөрү Германиянын окуу жайларынын Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыгына көмөктөшүү жөнүндө билдиришти.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Германия делегациясынын курамында Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттигинин Эл аралык департаментинин жетекчисинин орун басары Михаел ван де Каммен жана Саксониянын Федералдык иш менен камсыз кылуу агенттигинин аймактык дирекциясынын башчысы Клаус-Питер Ханзен катышты.

Пикир

Оставить комментарий