• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктарды Ысык-Көлдүн жээгин таштандыдан тазалоо акциясына катышууга чакырышты

Коом 0

Бишкек, 22 мая /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Активисттер бардык каалоочуларды Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалоого катышууга чакырышты. Бул тууралуу Facebook баракчасына кыймылдын уюштуруучусу Айжан Чыныбаева жазып чыкты.

“27-28-майда Ысык-Көлгө барабыз. Учурда 700дөн ашык адам чогулду. Бул акцияны колдоо ниети барлар, кошулуңуздар. Биздин көл буга болуп көрбөгөндөй муктаж”, - деп жазат А.Чыныбаева.

Мындан тышкары, ал буга чейин көлдүн жээгин тазалоо боюнча 2 акция өткөрүшкөнүн кошумчалады. Анда алар 13 тонна калдык чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий