• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктардын 2 жылы бар. 2020-жылы алынып келинген унааларга болгон төлөмдөрдүн баасы көп эсе өсөт

Экономика 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Алынып келинген автоунааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн баасынын төмөндөшү жана электромобилдерге нөлдүк баанын киргизилиши убактылуу гана көрүнүш. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин бажы-тарифтик саясаты бөлүмүнүн эксперти Айдар Самыкбаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтому 2020-жылдын 1-январына чейин гана күчүндө турат. Андан соң Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) келишими боюнча анын катышуучулары сыяктуу бирдиктүү төлөм бааларын жана салыктарды киргизет.

“Азыркы мыйзамдын мөөнөтү аяктаганда ЕАЭБдин келишими толугу менен күчүнө кирет”, - деди Самыкбаев.

ЕАЭБде киргизилген баалар боюнча айтсак, мисалы, көлөмү 2 литр болгон 3 жылдык унаанын куб үчүн төлөмү минималдуу 2,5 евро, максималдуу 5,7 евро болот.

Пикир

Оставить комментарий