• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктардын электр жарыгына болгон карызы 164 млн. сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын өлкөнүн энергосекторуна болгон карызы дээрлик 164 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча өтүп жаткан кеңешменин жүрүшүндө отчет берип жатып Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн убактысы дебитордук карыздарды чогултуудан көз каранды болот. Ага байланыштуу ал маселени ыкчам түрдө чечүү боюнча Улуттук энергохолдингге кайрылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июлда КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги астында 2018/2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий