• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү маянанын эсебинен жан багышат

Экономика 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргызстандыктардын 72 пайызга жакыны эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешенин эсебинен жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында калктын номиналдык акча кирешелери 95 миллиард сомду түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу 12 пайызга көбөйгөн.

Керектөөчү баалардын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акча кирешеси 92 миллиард сомду түзгөн. 2017-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 8,5 пайызга өскөн.

Ошентип бюджеттик тармактагы жумушчулардын орточо айлык акысы ушул жылдын январь-июнь айларында 12 миң 395 сомду, бюджеттик эмес тармактагы жумушчулардыкы 21 миң 397 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий