• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Кечээ, 30-мартта Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча кыргыз-казак консультациясы өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Консультациянын жүрүшүндө тараптар Казакстандын өкмөтү тарабынан жаңыдан киргизилген миграциялык өзгөрүүлөрдүн контекстинде Кыргызстандын жарандары үчүн практика жүзүндө жарала турган кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелеринин жогорку деңгээлин эске алуу менен биринчи кезекте бир туугандык жана жакшы коңшулук маанайдагы кызматташууга негизделген, ошондой эле эки өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында болушун жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Мындан тышкары, казак тарапка кыргыз жарандары үчүн жаңыдан киргизилген механизмдерди кийинки консультацияларга жана тараптардын өз ара алгылыктуу чечими иштелип чыкканга чейин токтото туруу сунушталды.

Өз кезегинде, казак тарап мүмкүн болгон жумшартуу механизмдерин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн компетенттүү түзүмдөрүнүн ортосундагы учурдагы каналдар аркылуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий