• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандыктар ноябрда электр энергиясын былтыркыга салыштырмалуу аз керектеген

Экономика 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2021-жылдын ноябрда 1 млрд 667 млн 627 миң кВт/саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 716 млн 927 миң кВт/саатты түзгөн.

"Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 49 млн 300 миң кВт саатка көп, анткени былтыр ноябрда абанын орточо айлык температурасы быйылкы жылга салыштырмалуу бир нече градуска төмөн болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурдагы абалды эске алып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК калкка жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылат.

Пикир

Оставить комментарий