• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр – сурамжылоо

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр. Муну сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөнүн Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши билдирет.

Сурамжылоо Кыргызстандагы Конституциялык реформага байланыштуу “Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши" коомдук бирикмеси жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасы тарабынан телефон акрылуу жүргүзүлгөн.

Сурамжылоонун максаты өлкө жарандарынын презденттин м.а. Садыр Жапаровдун Курултайга Кыргызстандын башкы сунуш берүүчү органы макамын берүү тууралуу сунушу боюнча маалымдуулугун билүү болгон.

“Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү (51,3%) бул демилге өлкө үчүн пайдалуу деп эсептейт. 35,8%ы жооп берүүдө кыйналган. Ал эми 12,9%ы каршы экенин билдирген. “Эгер сизди өкүл кылып тандашса, Курултайдын ишине катышууга даярсызбы?” деген суроого кыргызстандыктардын 50,8%ы “ооба” деп жооп берген”, - деп билдирет аталган кеңеш.

Сурамжылоо 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 6 миң 558 киши катышкан.

Пикир

Оставить комментарий