• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөкпул төлөнөт деген маалымат чындыкка дал келбейт – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөкпул төлөнөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, WhatsApp тиркемеси аркылуу 1991-жылдан 2018-жылга чейин иштеген кыргызстандыктарга 70 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт деген маалымат тараган.

Соцөнүктүрүү министрлиги расмий түрдө бул билдирүүнү четке кагып, ал маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

Министрлик жарандарды бул маалыматка ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий