• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандыктарга COVID-19ду “үй шартында” аныктоо жеткиликтүү болот

COVID - 19 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Түркияда өндүрүлгөн коронавируска экспресс-тесттер жакында өлкөнүн бардык дарыканаларында сатыла баштайт. Бул тууралуу тест-системаларды өндүрүүчү компания билдирди.

Кардарлар үчүн акыркы бааны дарыканалар белгилешет. Бирок фирманын маалыматы боюнча, алар ПЧР-анализдин баасынан бир кыйла төмөн турат.

Экспресс-тесттер коронавирустун антигендерин, анын белокторун аныктайт жана тез аныктоочу тест (тест-полоска) түрүндө, ага бейтаптын биологиялык материалы сүртүлөт. Изилдөөгө 15 мүнөткө жетпеген убакыт жумшалып, жыйынтыгы беш мүнөттүн ичинде белгилүү болот.

COVID-19ду үй шартында тестирлөөнүн жыйынтыгы расмий болуп саналбайт, бирок иммундук статусту өз алдынча көзөмөлдөөгө жарайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын аймагында сатыкка чыгарылган бардык дары-дармек же медициналык буюмдар КР ССМ караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен тастыктоодон өтүүгө тийиш. Дарыканалар товар алардын алдында медициналык буюмдардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуну талап кылышы керек. Өз кезегинде, кардарлар фармацевттен бул маалыматты сурай алышат.

“Ташуучу компаниялар өлкөгө тигил же бул дары-дармекти же медициналык буюмду расмий түрдө алып келишет. Алардын сөзсүз түрдө фармацевтикалык ишмердүүлүккө уруксаты болушу керек. Андан кийин ДКМБДга тастыктоого арыз берилет. Продукцияларды лабораторияга текшерүүгө жөнөтөбүз, андан кийин корутунду чыгарабыз. Сапаттуу продукциялар гана биздин жактыруудан өтөт. Ошондуктан, медициналык буюм сатып алууда биздин сертификатты талап кылуу зарыл", - деп белгиледи КР ССМ ДКМБДнын дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын баалоо башкармалыгынын башкы адиси Тимур Жумагулов.

Анын айтымында, 2020-жылдан баштап Кыргызстанга Германияда өндүрүлгөн COVID-19 экспресс-тесттери ташыла баштаган, алар баасынын кымбаттыгы менен айырмаланат, ошондой эле кытай жана түркиялык өндүрүштөгүлөрү бар. Алардын көпчүлүгү чекене түрдө сатылбастан, жеке медициналык клиникаларда колдонулуп келген.

Пикир

Оставить комментарий