• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар үчүн Израилде жумушчу квоталарын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль мамлекетинин тышкы иштер министринин орун басары Идан Ролл менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрдин орун басары элчи Өмүралиевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатия тармагындагы тажрыйбасы кыргыз-израилдик мамилелердин жаңы барагын ачарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "МАШАВ" аркылуу айыл чарба тармагында конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча макулдашууга жетишти. Алар ошондой эле Кыргызстандын жарандарына Израилде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жумушчу квоталарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: МАШАВ — Израилдин Тышкы иштер министрлигине караштуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча агенттиги.

Пикир

Оставить комментарий