• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түштүк Корея кыргызстандыктарга кайрадан виза бере баштады

Саясат 0

Бишкек, 08.02.21 /Кабар/. Кореянын Кыргыз Республикасынын жарандарына виза берүү процесси жанданды. Бу тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-февралынан тарта Кыргыз Республикасы Кореяга убактылуу кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды.

Буга байланыштуу 2021-жылдын 8-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандарына узак мөөнөттөгү (эмгек, студенттик, үй-бүлөлүк) визаларды каттоо жана берүү процесси жанданды.

Белгилүү болгондой, корей тараптын алгылыктуу чечими эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жана элчиликтеринин жемиштүү ишинин натыйжасы, ошондой эле Кыргызстандагы коронавирус боюнча туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга негизделген.

Ошону менен бирге КР Тышкы иштер министрлиги учуп кетүү алдында COVID-19 коронавирустук инфекциясына кылдат текшерилүү зарылдыгын белгилейт. Анткени Кыргызстандан келген жарандардан коронавирус аныкталган учурда, чектөө чараларын алып салуу чечими кайра каралышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий