• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктарга кайсы вакциналар сунушталып жатат? - Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Ден соолук 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Вакцинопрофилактика – Кыргызстандагы инфекциялык оорулардын жалпы алдын алуу системасындагы эң натыйжалуу жана артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Менчигинин формасына карабай төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ар бир кыргызстандык төрөт үйүнөн баштап 56 жашка чейин, буга чейинки адам өлүмүнө алып келген оорулар тууралуу ойлонбостон, пландуу тартипте эмдөөдөн өтөт. Кыргызстанда «Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары» деген аталыштагы юридикалык документ бар, ал мезгил-мезгили менен кайра каралып, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилип турат.

Кыргызстандыктарга кайсы вакциналар сунушталып жаткандыгын карап көрөлү.

Кургак учукка каршы БЦЖ вакцинасы

БЦЖ вакцинасы ойлоп чыгуучулардын ысымдарынан алынган (бацилла Кальмета-Герен, Bacillus Calmette—Guérin, BCG), анын тарыхы жүз жылды камтыйт. Кургак учук менен биринчи жолу ооруган учурлар бир кыйла азайгандыгы үчүн Европа жана АКШ өлкөлөрүндө массалык түрдө колдонулат, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кургак учук көп кездешкен өлкөлөрдө бардык жаңы төрөлгөн дени сак балдарга вакцина берүү керектигин сунуштайт, себеби бул өпкөнүн кургак учугу эле эмес, кургак учук менингити жана өпкөгө жайылган кургак учук сыяктуу башка формаларынын алдын алуу аракети болуп саналат.

Кыргызстанда БЦЖ эмдөө төрөт үйүндө жасалат.

В гепатитке каршы эмдөө

Вирустук В гепатитке каршы биринчи эмдөө 40 жыл мурда жүргүзүлгөн. Кыргызстанда В гепатитке каршы балдарды массалык эмдөө 2000-жылдан тартып жүргүзүлө баштаган, натыйжада балдардын арасында вирустук В гепатит менен ооругандардын саны азайган, муну эпидемиологиялык көзөмөлдөө маалыматтары ырастайт.

В гепатиттин клиникалык формасы – айсбергдин чокусу гана, В гепатитти алып жүрүүчүлөр кеңири тараган, ал боордун циррозунан боор рагынын бир формасы болгон – гепатоцеллюлярдык карциномага алып келиш мүмкүн.

Кыргызстанда В гепатитке каршы эмдөө төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн алгачкы 24 саат ичинде жүргүзүлөт.

2 айлык курактагы кичинекей кыргыстандыктарга төмөнкү вакциналар менен эмдөө сунушталат:

Пентавакцина – бул балдар үчүн кооптуу болгон 5тен ашык инфекциядан сактоочу топтолмо вакцина (кептөөр (дифтерия), тырышма (столбняк), көк жөтөл, вирустук В гепатити, b серотибиндеги гемофилдик инфекция).

Кептөөр (дифтерия) – курч кармаган жугуштуу оору, жогорку дем алуу органдарын жабыркатат. Бул Гиппократтын заманынан берки байыркы дарт, аны «кекиртектеги жара», «залалдуу ангина», «тумчуктургуч дарт» деп дагы атап келишкен. Бирок мындай аталыштар дагы мурда Европа өлкөлөрүндө болуп келген, кийинчерээк XIX кылымдын башында бүт дүйнө жүзүнө жайылган, жүз миңдеген балдардын өмүрүн алган бул оорунун канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп бере албайт. Бул оорунун белгилери ачык байкалат – денени калтыратат, адамдын жүзү кубарып, алы кетет, моюн шишип, дем алуу жана жутуу кыйындайт, мунун баары адамды муундуруп, өлүмгө алып келет. Дарыгерлер аргасыздан, думугуп жаткан баланы сактап калууга мүмкүн болгон жалгыз мүмкүнчүлүктү - трахеотомияны ойлоп табышкан, мында оорулуунун дем алуусу үчүн кекиртектин шакекчелеринин арасын тилип кошкан.

Массалык эмдөөнүн натыйжасында дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы дарыгерлер кептөөр кандай болорун дээрлик көрүшкөн жок, бул болсо дартты өз убагында аныктоодо кыйынчылык жаратышы мүмкүн, ошондуктан оорунун алдын алуу үчүн коллективдүү иммунитетти жетиштүү деңгээлде сактоо жана эмдөөдөн өтүү керек.

Тырышма (столбняк) – Clostridium tetani бактериясы аркылуу жугуучу курч кармаган инфекциялык оору, бул бактериялар ар кай жерде: топуракта, адамдын жана малдын заңыда, мык, ийне, зым сыяктуу ж.б. дат баскан инструменттердин бетинде жайгашкан. Абада (кычкылтек бар чөйрөдө) бактерия көбөйбөйт, бирок абасыз (кычкылтексиз) чөйрөгө түшкөн учурдан тартып көбөйүп тетаноспазмин деген токсинди (уулу зат) бөлүп чыгара баштайт. Оору денедеги бардык булчуңдарга тарап, денени ооруткан тырышма менен коштолот. Тырышмага мүнөздүү болгон көрүнүш опистотонус – оорулуу төшөктө жаткан абалында жерге кежигеси жана согончогу менен гана таянып тырышкан абалда болот. Айрым учурда денедеги калтырак ушунчалык катуу болгондуктан тарамыштары, булчуңдары үзүлүп, сөөк сынып кетүүсү мүмкүн. Тырышма менен ооруган адамдын дем алуу булчуңдарындагы асфиксия же жүрөк булчуңдарынын тырышуусу анын өлүмүнө себеп болот. Бүгүнкү күндө тырышманын алдын алуунун эң таасирдүү жолу эмдөө болуп саналат.

Көк жөтөлдө оорулуу бир нече мүнөт бою жөтөлөт, анын бети кызарып какырык чыгат, ал эми балдардын жөтөлү узакка созулгандыктан кусушу мүмкүн. Орто эсеп менен бир жумада өтүп кетүүчү сасык тумоодон айырмаланып көк жөтөл бир нече айларга созулушу мүмкүн, ушундан улам «жүз күндүк жөтөл» деп дагы аталып келген. Бир жашка чыкканга чейинки балдар арасында көк жөтөл өзгөчө оор болот. Бул өтө жагымсыз көрүнүш – баланын териси кара көк тартып, бети өтө тырышып калат, бала бардык күчү менен дем алууга аракет кылат, бирок ичкерип кеткен кекиртек аркылуу аба өтпөй кыйналат. Мындай абал көпкө созулбайт, бирок корккон ата-энеси үчүн көп убакыт өтүп кеткедей сезилет, мындан кийин бала «кырылдап кыйкырган» үн менен терең дем ала баштайт. Бир аздан кийин приступ кайра башталат. Көк жөтөл өтө жугуштуу, эгер адам жакын турса ага оору жугуп калуу ыктымалдыгы дээрлик 100%. Алдын алуунун жалгыз жолу эмдөө болуп саналат.

Ошондой эле, 2 айлык куракта пневмокок вакцинасы жана ооз аркылуу берилүүчү шалга каршы (полиомиелит) вакцинасы менен эмделет.

Пневмокок вакцинасы пневмокок пайда кылган көптөгөн оорулардын алдын алууга багытталган. Бул бактерия өпкөнү, канды, мээни жана башка органдарды жабыркатып, ооруну өтүштүрүп жиберет, адам өлүмүнө алып келет. Көп учурда пневмококко чалдыгуу бактериялдык пневмония же менингит менен аяктайт. Иммунитети алсызданган, баш мээсине суук тийген балдар жана чоңдор өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн.

Шал (полиомиелит) ооруп айыккандарды аябайт. Көбүнчө бала кезде жуктурушат. Вирус организмге ооз аркылуу кирет, канга өтөт жана нерв системасын жабыркатат, көп учурда айыкпас шал ооруга алып келет (паралич). Көбүнчө ал бутту жабыркатат, бирок ар бир онунчу пациент өпкө булчуңдары шал болгондуктан думугуудан көз жумат. Мындай оорулуулардын жалгыз үмүтү 1920-жылдары иштелип чыккан «темир өпкө» деп аталган атайын камералардын ичиндеги өпкөнү жасалма дем алдырууга байланган. Бул темир камераларда адамдар жумалап, айрымдары өмүрүнүн аягына чейин жашаган. Эксперттердин берген баасы боюнча, эмдөөнүн натыйжасында дүйнө жүзүндө бир жарым миллион адам тирүү жана 18 миллион адам басып жүрүшөт.

Азыр полиомиелит Афганистан, Пакистан жана Нигерияда бар, катталган учурлар ондон саналат. Кыргызстан, активдүү эмдөө жүргүзүлгөндүктөн жана эмдөө кеңири таралгандыгы үчүн «полиомиелит жок эркин аймак» деген статус алган.

ДСУ дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, эң жакыр өлкөлөргө дагы өздөрүнүн Улуттук календарына балдарды айрым учурда «ичеги сасык тумоосу» деп аташкан ооз аркылуу жугуучу вирустук инфекциядан эмдөөнү киргизүүнү сунуштайт. Бул аталыш илимий көз караштан алып караганда туура эмес болсо дагы ооз аркылуу жугуучу вирустук инфекциядан келип чыккан сасык тумоого айрым учурда окшоштуктары бар. Бул ооруну дагы вирус козгойт, курч мүнөздө өтүшүп кетиши мүмкүн, оору кеңири тараган (бул оору менен ооруп айыкпаган адам дээрлик жок, айрым учурда бир нече жолу ооруган), оору кышында күч алат.

Сасык тумоодон айырмаланып, ооз аркылуу жугуучу вирустук инфекциядан кийин ооруп айыккан ар бир адамдын иммунитети жогорулайт, ошондуктан бул оору жарым жылдан эки жашка чейинки балдар үчүн коркунучтуу.

ДСУ ооз аркылуу жугуучу вирустук инфекциядан эмдөөнү календарга киргизүү жана балдардын өлүмүн азайтуу максатында ымыркайларды массалык эмдөөнү сунуштайт. Бул сунуштарды дүйнөдөгү 70тен ашык өлкө, анын ичинде Кыргызстан колдоого алган.

Өлкөбүздүн 3,5 айлык тургундары экинчи жолу пентавакцина, полиомиелитке жана ооз аркылуу жугуучу вируска каршы эмдөөдөн өткөрүлөт.

5 айында үчүнчү жолу – пентавакцина, экинчи жолу – пневмококко каршы жана полиомиелитке жана ооз аркылуу жугуучу вируска каршы эмдөөдөн өткөрүлөт.

9 айында дагы бир жолу полиомиелитке каршы, ал эми 12 айында кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы, ошондой эле үчүнчү жолу пневмокок инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүлөт, андан кийин 2 жашында көк жөтөлгө, кептөөргө жана тырышмага каршы кайра эмдөөдөн өткөрүлөт, 6 жашында - кептөөргө жана тырышмага каршы экинчи кайра эмдөөдөн жана кызамыкка каршы, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы кайра эмдөөдөн өткөрүлөт.

Кызамыкка каршы эмдөө бир эле учурда ийгиликтин жана кемчиликтин мисалы болуп калды.

Бүт дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган Африкадагы Эбола лихорадкасы 20 миңге жакын адамдын өмүрүн алган. Вакцина 1963-жылы ойлоп табылганына карабастан кызамык 2019-жылы 207,5 миң адамдын өмүрүн алган.

Кызамыкка каршы эмдөө дүйнөлүк масштабга жеткенге чейин дүйнө жүзүндө жыл сайын 2,6 млн адам көз жумуп келген, алардын көбү балдар болгон. Эмдөөгө чейин кызамык оорусу өтө жогору болгонуктан, «салык сыяктуу эле андан качып кутула албайсың» деп эсептеп келишкен. Кызакмык өтүшүп кеткен оор учурлар болуп пневмония, катуу ич өткөк жана энцефалит (мээнин жабыркашы) саналат. Өтүшүп кеткен кызамык мээни жабыркаткандан кийин адамдын өсүүсүн кечеңдетет, ошондой эле дүлөйлүккө алып келет.

Дүйнө жүзүндө акыркы кезде, социалдык тармактар аркылуу өз пикирин жайылткан эмдөөгө каршы болгондордун айынан кызамык оорусу күч алды. Андай пикирди кармангандардын келип чыгышына британиялык медик Эндрю Уэйкфилд себеп олгон, ал 1998-жылы элди дүрбөткөн макала жазып чыккан. Ал макалада кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы топтолмо эмдөө балдар арасындагы аутизмге алып келет деген. Бул макаладагы маалыматтар кийинчерээк жокко чыгарылган, ал эми медик лицензиясынан ажыратылган. Бирок анын караөзгөйлүк менен жазылган илимий макаласынын кесепети азыркы күнгө чейин терс таасирин тийгизип келет.

Кызылча — демейде анчалык коркунучтуу эмес, бирок бул инфекция кош бойлуу учурунда жугуп калса дүлөйлүк, жүрөк кемтиги, кант диабети же катаракта сыяктуу баланын тубаса кемтиктер менен төрөлүшүнө алып келиши, ошондой эле түйүлдүктүн өлүү төрөлүшү мүмкүн. ДСУнун берген баасы боюнча массалык эмдөөгө чейин жаңы төрөлгөн 1000 ымыркайдын ичинен болжол менен 4 бала кызылча вирусунан келип чыккан ар кандай кемтиктер менен жабыркагандыгы айтылат.

Паротит (эл арасында «свинка») жуктуруп алган учурда эң коркунучтуусу оорунун өтүшүп кеткен формасы саналат; эгер жыныстык жетилүү курактан өткөн эркек киши ооруса өтүшүп кеткен учур - эки тараптуу орхит саналат, жыйынтыгында тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Мурда эпидемиялык паротит кеңири тараган инфекция болчу, бул оору болжол менен 100 000 адамдын ичинен 100 учурга туура келген. Паротитке каршы эмдөө жүргүзүлбөгөн өлкөлөрдө оорунун көрсөткүчү жогору бойдон калууда, ири эпидемиялар ар бир 2—5 жылда кайталанат жана көбүнчө 5—9 жаштагы балдарга таасир этет.

Андан кийин 11 жашта, андан соң 16 жаштан тартып ар 10 жыл сайын 56 жашка чейин кептөөргө жана тырышмага каршы кайра эмдөөдөн өтүүнү унутпаш керек.

Албетте, массалык эмдөөнүн натыйжасында тарыхта гана калган - безгек, чечек сыяктуу башка оорулар дагы бар.

Чечекке каршы эмдөө (оспопрививание) – бул жааттагы эң эле ийгиликтүү деп саналган эмдөө.

XX кылымда эле бул өтө жугуштуу вирустук оору 300 миллиондон ашык адамды жабыркаткан. Андан мурдагы жабыркаган адамдарын санын эсепке алуу мүмкүн эмес. Чечек оорусу жуккан адамдардын 30% каза болушкан, алар жан чыдагыс азапта өтө кыйналып өлгөн, себеби оорулуу адамдын бүт денесин ириң баскан жара каптаган. Тирүү калгандары сокур болуп калышкан, жана териси тырык бойдон калган.

Безгек оорусу чечекке караганда бир кыйла оор. Илимпоздор безгек оорусу менен адамдар байыркы заманда эле оорушкан деп эсептешет.

Бүгүнкү күндө дагы адамзаттын жарымы безгек оорусун жуктуруп алуу коркунучу бар, ал эми 400 миң адам жыл сайын ушул оорудан көз жумат.

Безгек оорусунан көз жумгандардын жарымы Африка өлкөлөрүнө туура келет.

COVID-19 пандемия жугуштуу оорулар канчалык деңгээлде коркунучтуу болорун жана бул жагдайда кадимки жашоону калыбына келтире турган жалгыз гана үмүтү - эмдөө экендигин адамзаттын эсине салды.

Коронавирус – массалык эмдөөнүн жардамы менен каршы күрөшө турган курал боло турган биринчи душман эмес. Дүйнөнү басып алган көрүнбөгөн «киши өлтүргүчтөргө» каршы курал ойлоп табылды, жүз миңдеген адамдардын өмүрү сакталып калды.

Ар бир адам өз ден соолугу үчүн эле эмес, айланасындагы адамдардын саламаттыгы үчүн дагы жооптуу экендигин эсинен чыгарбашы керек. Эмдөө – алдын алуу үчүн тасирдүү жана экономикалык пайдалуу чара.

Пикир

Оставить комментарий