• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктарга кубаныч тартууладың! Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, телефон аркылуу улуттук олимпиадалык курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн намысы үчүн акырына чейин күрөшөрүңүзгө баарыбыз ишенгенбиз. Кылдат чеберчилик, бекем эрк жана кайраттуу мүнөз менен күчтүү атаандашыңызды жеңип алдыңыз. Бүт өлкө сизди сүрөп, сиз үчүн кабатырланып жатты. Соңунда биздин үмүтүбүздү актап, жалпы кыргызстандыктарга кубаныч тартууладыңыз», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы таланттуу спортчу кыздардын азыркы плеядасы Кыргызстанда аялдар күрөшүн жандандырганын, ага кошумча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Мээрим Жуманазаровага жана улуттук олимпиадалык команданын бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, ийгиликтер менен жаңы-жаңы жеңиштерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий