• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандыктарга мыкты авиакомпанияны аныктоо сунушталды

Коом 0

Бишкек, 30.11.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. "Манас" Эл аралык аэропорту" ААК жүргүнчүлөрдүн пикиринде мыкты авиакомпанияны онлайн добуш берүү аркылуу аныктоону баштайт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттун каржы-экономикалык дирекциясынын директору Жаңыл Абикованын айтымында, мындай тажрыйба жарандык авиация тармагында, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп келет.

Авиакомпаниялар үч номинацияда сыйланат:

- Эң так авиакомпания

- Динамикалуу өнүгүүдөгү авиакомпания

- Мыкты авиакомпания - жүргүнчүлөрдүн тандоосу

Номинант катары КР аэропортторуна туруктуу жана чартердик каттам менен каттаган атамекендик, ошондой эле чет элдик ташуучу авиакомпаниялар боло алышат.

Добуш берүү 2017-жылдын 1нен 31-декабрга чейин өтүп, 2018-жылдын башында жыйынтыгы чыгат.

Мындай кампания жыл сайын өтүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий