• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы кыргызстандыктын каза болушу боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев ал өлкөнүн Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен байланышып, окуя тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынан аталган каргашалуу окуя адилеттүүлүк менен териштирилип, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жазага тартылуусун кыргыз кооомчулугу талап кылып жаткандыгын билдирди.

Ал эми Дональд Лу каргашалуу окуя АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кылдат иликтенип, окуя адилеттүү териштирилип, жакынкы убакта адам өлүмү тууралуу расмий маалымат берилерин билдирди.

Алдын ала такталбаган маалымат боюнча, каргашалуу окуянын оорун алуусуна маркум менен ал иштеген жүк ташуучу компаниянын жетекчисинин ортосундагы чыр себеп болгон.

Ошондой эле такталбаган маалымат боюнча, М.Н. белгисиз себептерден улам полициянын эскертүүлөрүнө баш ийбей, жүк ташуучу унаа менен качууга аракет кылып, эки полициянын автоунааларын сүзгөн. Полиция кызматкерлерин жарадар кылган, натыйжада ага бир канча ок тийген.

Элчилик ошондой эле жабырлануучунун үй-бүлөсү, анын адвокаты, АКШнын Ички коопсуздук департаменти жана жергиликтүү полиция менен байланышып бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча документтерди даярдап берип, элчиликтин ыйгарым укугундагы иштердин барын кечиктирбей аткарууда.

Кайгылуу окуянын оорун алуусуна байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маркумдун ата-энесине жана жакын туугандарына кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерте кетсек, 5-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 28 жаштагы М.Н. аттуу кыргызстандык полиция кызматкеринин аткан огунан каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий