• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын 117 жараны Кореяга эмгек миграциясына барууга мүмкүнчүлүк алды

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкекте Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык Кыргызстандын 117 жаранын Кореяга жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кореяга кетип жаткан жарандарга ден соолук, ишинде ийгилик, келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоону жана келишим аяктагандан кийин мекенине кайтып келүүнү каалады.

Бул программанын алкагында 15 жылдан бери чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореянын ишканаларына Кыргызстандын жарандарын ийгиликтүү иштетип келет.

Меморандум колдонулган мезгилде бардыгы болуп 5 миңден ашык эмгек келишими алынган. Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүгү тамак-аш, химия, кагаз өнөр жай ишканаларында, пластмассадан, резинадан, айнектен жасалган буюмдарды жасоодо эмгектенишет.

Кореяда эмгек ишмердигин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын орточо эмгек акысы 1 миң 800 АКШ долларын түзөт, мында жумуш берүүчүнүн эсебинен жашаган жери жана тамак-ашы эске алынат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан корей тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик каттамды уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди, бул 2022-жылдагы экинчи чартердик каттам болуп саналат.

Жылдын башынан бери чек аралар ачылып, эмгек визалары башталган учурдан тарта Кореяга бул программа боюнча 272 адам жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын жарандары келгенден кийин Кореянын аймагында карантиндин кошумча шарттарынан өтүшү керек. Андан кийин эмгек келишиминин шарттары боюнча иш башталат.

Пикир

Оставить комментарий