• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын 20 шаарында балдар оюндарынын кербени өтөт

Маданият 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда 6-июндан 6-июлга чейин “Балдар оюндарынын кербени” аттуу спорттук оюндар өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюндар кербени Ош шаарында 6-июнда башталып, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында өткөрүлөт. Жалпысынан 25 спорт түрү, Кыргызстандын 20 шаарында жүрөт.

Долбоордун максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетип, улуттук элдердин спорттук оюндарын балдар арасында жайылтуу, өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театры “Керемет көч” аттуу мультфильминин каармандарынан алынган “Туулган күн” аттуу спектакли көрсөтүлөт.

Спорттук кербен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ), Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Өкмөткө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштуруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий