• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу кечээ, 16-майда КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.

Келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен программанын жетекчиси Свобода Торстендин ортосунда кол коюлду.

Келишимдин алкагында Кыргызстандын жарандарына "медайымдык иш" адистиги боюнча Германияда андан ары ишке орноштуруу менен КРнын программа менен аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат.

Жыйынтыгында тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.

Пикир

Оставить комментарий