• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Аймактарды өнүктүрүү башка жетишкендиктердин алдында турат

Аналитика 0

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Ошондон бери өлкөдө бул багыттагы иштерге басым жасалып, иштер жүрүп жатат.

Эл ичинде ынтымак, биримдик болсо мамлекет күчтүү болот. Бул пикир көп мамлекет үчүн актуалдуу болуп, алардын бийлиги өлкө ичинде жашаган улуттардын башын бириктирүү ишин жүргүзүп келет.

Тарыхчы Александр Заболотнийдин айтымында, айрыкча бул маселе, мурдагы Советтик өлкөлөрдө маанилүү болуп келет. Себеби, ал жактарда СССР жоюлгандан кийин этностор аралык маселелер ортого чыккан.

"Көп жылдан бери Кыргызстанда андай маселелерди, чыр-чатактуу окуяларды жоюу боюнча иштер жасалып келет. Ал иштер бирде ийгиликтүү, бирде ийгиликсиз болууда. Бирок, бийлик этностор арасында ынтымак болушуна кызыкдар. Президент Сооронбай Жээнбеков, эки жыл мурда аймактарды өнүктүрүү демилгесин айтып, борбор менен аймактар ортосундагы экономикалык ажырымды жоюуга, аны менен жарандардын турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө ниети бар экенин көрсөттү. Турмуш-тиричилик ордунда болсо, туруктуулук да болот", - дейт ал.

Көп жылдар бою аймактарга көп көңүл бурулган эмес. 2000-жылдары аймактардан өлкөнүн борборуна жарандар келе баштады. Ал процесс бүт өлкөгө өз таасирин тийгизди. Бул маселени чечүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлүшү керек болчу.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү демилгесинин мааниси чоң болду. Бийлик аймактагы шарттардын, жумуштун жоктугу сыяктуу маселелер чечилмейинче, туруктуулук болбой, башкысы этностор аралык алаканы жөндөө тууралуу сөз кылууга болбой турганына ынанды. Акыркы жылдары аймактарда жаңы инфраструктура, жумуш орундарын түзүү боюнча иштер жасалды. Учурда, улуттук идеологияны иштеп чыгууга киришсе болот", - дейт эл аралык маселелер боюнча эксперт Павел Дементьев.

Өлкөнүн ар башка улуттагы баардык жарандары өзүн Кыргыз Республикасынын бир бүтүн эли катары таанышы керек. Бирок ал максатка жетиш үчүн, башкы маселени чечүү – коомдогу теңсиздик жана аймактык айырмачылык, ошондой эле этностор аралык мамилени саясатташтырууну жок кылуу керек. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, этностор аралык мамилелерди алдын ала жөнгө салуу саясаты ишке ашырылган өлкөлөрдө бир улутка таандык болуу сезими түзүлүп, карама-каршылык күч колдонбой чечилет. Кыргызстанда, мурда болгон этностор аралык чыр-чатактарга карабай, азыркы күнгө чейин мониторинг жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу орган системасы түзүлө элек.

Жарандык патриотизм, бир улут, Кыргызстандын элинин руханий жана маданий жактан бир бүтүндүгү, этностор аралык ынтымак жана толеранттуулук идеяларын калыптандыруу жана жайылтуу мамлекеттин башкы иштеринен болушу керек. Аны бир нече институттун – үй-бүлө, билим берүү, маданият, спорт мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдардын катышуусу менен чечүүгө болот.

Аймактарды өнүктүрүү демилгеси тууралуу айта турган болсок, ал тийиштүү жарлык менен бекитилип, ага президент 2018-жылдын 9-январында кол коюлган. Ал аймактарды өнүктүрүүнүн башкы документи болуп калды.

"2018-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системдүү өзгөрүүлөргө негиз түптөлүшү керек. Бул бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун бирдиктүү аракеттерин талап кылат. Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди. Эми региондорду өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, комплекстүү пландары иштелип чыгат, айылдарды, шаарларды жана башка аймактык бирдиктерди пландоо стандарттары бекитилет", - деп айткан Сооронбай Жээнбеков.

Ал, премьер-министр болуп турганда Региондорду өнүктүрүү концепциясы, Калкты таза суу менен камсыз кылуу программасы, Ирригацияны жакшыртуу программасы кабыл алынганын айтып, жарлык ушул программаларды ишке ашырууга күчтүү түрктү берерин белгилеген.

Бул боюнча саясий серепчи Аркадий Гладиловдун пикири мындай: "Республикабыз эгемендүүлүккө ээ болгон жылдарда башкарууну борбордон ажыратууга жана региондорду күчөтүүгө багытталган саясатты жүргүзүүгө карабай, финансы жана адам ресурстарын кошо алганда, бардык ресурстардын экономикалык жана саясий борборго топтолушуна алып келген процесстер жүрүп жатты. Республиканын түштүк аймагында калктын жарымынан көбү жашайт, бирок, түштүк облустарынын жана Ош шаарынын республикасынын экономикасына кошкон салымы өлкөнүн ИДПсынын 30 пайызынан азыраак. Республиканын түштүк аймагынын экономикалык жактан өнүгүшү начар бойдон калууда".

Бирок, мамлекеттин жаңы саясатынан улам көрсөткүчтөр өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Экономиканы жүргүзүүнүн жолдору да өзгөрүп, Кыргызстандын баардык аймактарын камтып жатат. Мунун баары мамлекет өнүгүүнү ниет кылып жатканын көрсөтүүдө. Ошентсе да, максатка жеттик деп кубанууга эрте. Алдыда бир катар иштерди аткаруу керек. Маселен, аймактарды өз маалында жана үзгүлтүккө учуратпай каржылоо кылуу болуп турушу шарт.

"Ачыгын айтканда негизги маселе бар – ал каржылоо. Айрым аймактар борборду карап отурат. Мындан улам борборго кыйын болууда. Арийне, баардык ресурстардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн басымдуу бөлүгү эки ири шаарда – Бишкек менен Ошто болууда. Жергиликтүү бийликтерге өз алдынча маселе чечүүгө ыйгарым укуктар берилгендиктен, айрым аймактарда "борборду кароо принцибин" жоюу керек", - дейт Гладилов.

Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармагы болуп саналган айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ушул чөйрөдөгү көйгөйлөр айыл чарба жерлеринин сугат суу менен камсыздалбашында, сугат системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча региондук долбоорлордун жоктугунда болууда. 2018-2040-жылга карата туруктуу өнүгүү стратегиясында бул маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Өлкөдөгү сугат инфраструктурасынын көпчүлүгү орточо 45 жылдан бери колдонулуп келет. Калктын саны көбөйүп жатканын эске алганда акыркы жылдары сугат объекттерин куруу, сугат суу жеткен жерлерди көбөйтүү Кыргызстандагы негизги маселелердин бири болууда.

2017-2026-жылдарга карата КР ирригациясын өнүктүрүү мамлекеттик программасында, айыл жашоочуларын жаңы сугат жерлери менен камсыздоо үчүн ирригациялык инфратүзүмдү куруу каралган. Айыл чарба продукцияларын өстүрүү үчүн берилген жаңы сугат жерлери социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет жана региондордун өнүгүшүн камсыздайт, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык менен күрөшүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Аягында биз, бүтүндөй өлкө бир муштумдай болуп, уюшуп иштегенге жетишкенде гана өнүгүп жаткан өлкө деген атка коно аларыбызды айтып кетүү керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий