• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Бизнес чөйрө жана инвестициялык климат

Аналитика 0

Кыргызстанда бизнести коргоо жана өнүктүрүү, инвестиция тартуу жаатында жылыштар байкалат.

Быйыл ишкерчилик менен алектенгендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон ыйгарым укуктуу Бизнес-Акыйкатчы институту түзүлдү.

Аймактардагы бизнес долбоорлорду каржылоо үчүн "Аймактардын өнүктүрүүсүн каржылоо долбоорлорунун борбору" ААКсы түзүлүп, ага 2019-жылы 2 млрд сом бөлүнгөн.

52 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз тартип иштеп жатат.

"Мамлекет-жеке өнөктөштүгү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Ал жалпы жана муниципалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду колдоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкаруу кызматтарынын сапатын арттыруу максатында түзүлгөн.

Кытай Эл Республикасы менен КР калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоору, ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жолдордун курулушуна дээрлик 280 млн долларга гранттык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуу болгон.

Жеке ишкерлерге камсыздандыруу төлөмүн төлөө үчүн электрондук система киргизилди.

Артыкчылык берилген шаар жана айылдарда кайра түзүлгөн өнөр жай ишканалары төрт салык түрүнөн – пайда салыгы, сатык салыгы, жер салыгы жана мүлк салыгынан 5 жылга бошотулуп, кийин анын мөөнөтүн узартуу укугу берилди.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы, ата мекендик айыл чарба чийки заттарын кайра иштеткен ишканаларга кошумча нарк салыгы 80%га азайтылды.

Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор, машина-трактор станциялары жана айыл чарба кооперативдери пайда салыгынан бошотулду.

Технологиялык жабдыктарды сырттан ташыган ишканалар бажы төлөмдөрүнөн бошотулду.

КР Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди.

Кошумча нарк салыгын төлөөдө эркин экономикалык аймактын субъеттерине жеңилдиктер берилди.

Облустарда бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий