• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Мамбюджет жана инфраструктуралык долбоорлор

Аналитика 0

Акыркы бир жарым жылда мамлекет өлкө бюджетинин кирешесин жогорулатууда жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда бир топ алгылыктуу иштерди жасады.

Көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгында республикалык бюджеттин дефицити 2017-жылы 17,4 млрд сомдон 10.9 млрд сомго чейин кыскарган (ИДПга карата 3,3%), ал эми 2018-жылы 6,45 млрд сомго.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке которулган акча каражаттарынын эсебинен Бишкек жана Ош шаарларында ,Чүй облусунда 15 мектептин курулушу башталды, 799,3 млн сом бөлүнгөн, анын 55 млн сому өздөштүрүлдү.

Социалдык-экономикалык абалды, айрым чек арага чектеш аймактардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга 20 млн сом бөлүнгөн.

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында 100% киреше салыгын жергиликтүү бюджетке чегерүү чечими кабыл алынган.

Жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн киреше булагы 2019-жылы дээрлик 2 млрд сомго жеткен.

Үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик акушердик пункттун орто медициналык персоналынын айлык акылары жогорулады.

Пенсияга чыгуу үчүн керек болгон документтерди даярдоо жараяны жеңилдетилди.

Түркия Республикасындагы мигранттарга колдоо көрсөтүүнүн алкагында Түркия менен Кыргызстандын өкмөтү ортосунда социалдык камсыздандыруу макулдашуусун ишке ашыруу боюнча административдик келишимге кол коюлган.

2019-жылдын октябрынан тарта Кыргызстандагы педагогдордун айлык маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. 2019-жылдын үч айына кошумча 1,6 млрд сом керек болсо, 2020-жылга кошумча дагы – 6 млдр сом керектелет.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий