• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Сот системасы

Аналитика 0

2018-жылдын 8-февраль күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңишинин биринчи отуруму өткөн. Отурумдун темасы "Кыргызстандагы көзөмөл, укук коргоо жана сот органдарындагы коррупция менен күрөшүү чаралары тууралуу" деген аталышта болгон.

Ал отурумда президент коррупция менен күрөшүү милдети жүктөлгөн мекемелерди сынга алып, сот системасына карата да сын айткан. Президент сот, прокуратура, финансы полициясы, атайын кызматтар жана ички иштер органдары өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жатканын белгилеп, статистикалык көрсөткүчтөрдү, жарандардын кайрылууларын жана айрым мекемелердин натыйжасыздыгы тууралуу сөз кылган.

Андан кийин, реформасы бир нече жылдан бери жүрүп келе жаткан сот системасынын ишин жакшыртуу үчүн кыйла жумуш аткарылды. 2018-2019-жылдары аткарылган иштердин аркасы менен сот системасы жакшы жыйынтыктарды көрсөттү.

Ошентип, бул жылдары соттук отурумдарды протоколго алуу жана аудио-видеого жаздыруу системасы киргизилди. Соттук системанын бюджети 38,5%га көбөйтүлдү (1,6 млрд сомдон 2,1 млрд сомго чейин).

Соттук-укуктук реформа иштеринин мониторинги боюнча эксперттик топ түзүлгөн. Ал эксперттик топ көйгөйлүү маселелерди аныктап, аларды чечүү жолун карайт.

"Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестри" тутуму киргизилди.

ИИМден кылмыштык-укуктук статистиканы түзүү милдети алынып прокуратура органдарына берилди.

Мыйзамдардын гумандаштыруу принциби киргизилип, чоң эмес мыйзам бузуулар жорук катары баалана баштады.

Кыргызстандын Соттор кеңешинин алдында Тартип комиссиясы иштеп баштады. Ал комиссия соттук системаны тазалоо ишин аткарат.

Пикир

Оставить комментарий