• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Таза суу

Аналитика 0

Учурда Кыргызстанда мамлекеттин алдында турган негизги маселелердин бири калкты таза суу менен камсыз кылуу. Мамлекет ал маселени 2024-жылы толук түрдө чечүүнү көздөп жатат.

Элди таза суу менен камсыз кылуу маселесин президент көзөмөлүнө аларын билдирип, ичүүсү сууга болгон тарифти реформалоо керектигин да айткан.

"Күнүнө 1 миң куб метр таза сууга коюлган бонустун ставкасы 13 миң долларды түзөт. Ал эми 100 куб метр минерал жана термалдуу сууга бонустун чени күнүнө 8 миң АКШ доллар деп белгиленген. Белгилей кетчү нерсе, 2009-жылдан бери жер алдындагы байлыкка бонус налогу киргизилген. Суу менен камсыздоо мекемелери (Водоканал, ИСКАКБ жана башка ишканалар) каралган салыкты төлөй албай жатышат. Анткени алардын финансы каражаты жетишсиз. Мисалы “Бишкекводоканал” ишканасынын бонус боюнча карызы - божомолдуу эсеп менен 255 млн. сомдон ашат. Мындан улам, Экономика министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен бирге бул ишти кайра карасын. Ичүүчү сууну жеткирүүчү ишканалар үчүн бонус жана роялти боюнча салыктык жыйымдардын ченин төмөндөтүү боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү Салык кодексине киргизсин", - деген ал.

Президенттин пикири боюнча, кошумча инвестиция булактарын табуу да маанилүү иштердин бири.

"Климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарынын дефицити, калктын санынын өсүшү, демографиялык өзгөрүүлөр жана урбанизация маселелери келечекте таза суу менен камсыздоо боюнча кыйынчылыктарды жаратат. Эл аралык институттардын божомолдоруна ылайык 2025-жылга карата дүйнө калкынын дээрлик жарымы таза суу тартыш аймактарда жашоого аргасыз болушат. Буга байланыштуу эл аралык коомчулук Париж келишимине кол коюп, бул проблемаларды биргеликте чечүү үчүн атайын климаттык фонддорду түзүшкөн. Бул фонддор арзан жана гранттык негизде акча каражаттарын беришет. Алар климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптацияга жана экологиялык зыянды жоюуга багытталган иштерге сарпталат", - деген президент.

Учурда таза суу маселесин чечүүнүн алкагында өлкөнүн таза сууга муктаж 653 айылынын 69 айылында таза суу курулмалары салынып, калыбына келтирилген. Ал иштер Дүйнөлүк банк, эл аралык уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган.

25 айылда таза суу курулмаларынын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилген – 63 миң 313 киши таза суу менен камсыз болгон.

2018-жылы Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен 18 объект жасалып, 33 миң 851 киши таза суу менен камсыз болгон.

2019-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен "Капиталдык салымдар" беренесине 350 млн сом бөлүнгөн. 2019-жылдагы объекттердин тизмесинде болгон (117 айылды камтыган) 73 объектте курулуш жана реабилитация иштери жүрүүдө. Алардын ичинен жыл аягына чейин 22 айылда курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда. Анын натыйжасында суу менен 48 миң 606 киши камсыз болот. Өкмөт тарабынан кошумча каражат бөлүнүп калса 2019-жылдын аягына чейин 44 объектте иштер аягына чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий