• 84.79
  • 96
  • 1.1

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Тышкы саясат

Аналитика 0

Кыргызстандын тышкы саясатында бир катар жылыштар байкалат. 2018-жылы президенттин катышуусу менен 30 сапар жана иш-чара өткөрүлүп, 77 эки тараптуу жана 414 көп тараптуу эл аралык документтерге кол коюлган. Төрт мамлекет менен дипломатиялык алака түзүлгөн.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия аймагынын баардык мамлекеттеринде – Өзбекстан (2017-жылдын 13-14-декабры), Казакстан (2017-жылдын 25-26-декабры), Тажикстан (2018-жылдын 1-2-февралы) жана Түркмөнстанда (2017-жылдын 23-августу) мамлекеттик жана расмий сапарлар менен болгон. Ал сапарлардын алкагында болгон жолугушууларда эки тараптуу алака, аймактык кызматташууну арттыруу, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык тармакта кызматташуу маселелери талкууланган.

Ошондой эле президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында Жалпы дебаттарга катышуу үчүн АКШга барып, өлкөдө болгон маанилүү коомдук-саясий жана экономикалык өзгөрүштөр, Кыргызстан көздөп жаткан реформалар жана стратегиялар тууралуу айтып берген.

Ошондой эле ал Кытай менен Түркияга сапар менен барган.

Япония, Корея, Индия, Пакистан, Монголия, араб өлкөлөрү жана башка Азия өлкөлөрү менен алака артууда. Маселен, быйыл Сооронбай Жээнбеков, Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу салтанатына катышуу үчүн күн чыгыш өлкөсүнө барды.

Казакстан менен саясий диалог жакшырып, баардык тармактар боюнча кызматташуу жүрүүдө.

Кыргызстан менен Казакстан Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимине жана эки өкмөттүн Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын тартиби тууралуу макулдашуусуна кол коюп, мамлекеттик чек аранын юридикалык иштерин аяктады.

Коңшу Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркация маселелери чечилүүдө.

Кыргызстан Россия тарап менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдеп жатат. Алгач ирет эки өлкөнүн окуу жайларынын форуму өтүп, ага окуу жайлардын башчылары келип катышты.

Экономика тармагында бюджети бир нече миллиард болгон инвестициялык документ, макулдашуулар, контракттарга кол коюлду. Учурда аларды жүзөгө ашыруу иштери жүрүп жатат. Россия менен ал жакта жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарына миграциялык мунапыс берүү макулдашылды. 2018-жылы 130 миң жаранга миграциялык мунапыс берилип, "кара тизмеден" 6 миңге жакын жаран чыгарылган (2018-жыл, октябрь-декабрь). 2019-жылы "кара тизмеден" 41 миң жаран чыгарылды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапары маанилүү окуялардан болду. Анын алкагында бир катар маселелер каралып, инвестициялык макулдашуу, кооперация жөнүндө макулдашуу жана бюджети бир нече миллиард доллар болгон түрдүү контракттар боюнча макулдашуулар болду.

ШКУ саммитинин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюлду.

ШКУ саммити 12 өлкөнүн башчыларынын катышуусу менен өттү. Афганстан, Иран, Монголиянын президенттери, Пакистандын өкмөт башчысы байкоочу катары катышты. Саммиттин жыйынтыгы менен 22 документке кол коюлду.

Быйыл президент Швейцария менен Германияга расмий сапар менен барып келди.

Германияга болгон расмий сапардын алкагында президент, канцлер жана Германиянын парламентинин төрагасынын деңгээлинде жолугушуулар болуп өтүп, бир катар контракт жана макулдашууларга кол коюлуп, алар ишке ашырылууда.

Президенттин Швейцарияга жасаган сапарынын жүрүшүндө экономикалык жана банк чөйрөсүндө кызматташуу маселелерине басым жасалды.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек ара аймагында жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүштү. Президент Тажикстандын Исфара шаарында иш сапары менен болуп, Эмомали Рахмон Чолпон-Атага келип кетти. Тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөр өтүп, чек ара маселелери талкууланды.

Бул жылы, 12 жыл өткөндөн кийин, президенттин КРнын чет өлкөдөгү элчилери менен кеңешмеси өтүп, ага мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты. Анда дипломатиялык өкүлчүлүктөргө бир катар багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырмалары берилди. Кеңешмеден кийин иш планы иштелип чыгып, бүгүнкү күнү тышкы иштер министрлиги ал пландын ишке ашырылышын көзөмөлүнө алган. Ошондой эле президент КРнын башка мамлекеттердеги ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү.

Быйыл Кыргызстандын тышкы саясат боюнча концепциясы кабыл алынды. Документ өкмөт башчы менен макулдашылып, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралгандан кийин президентке сунушталды.

Бул жылы Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин отуруму болуп өтүп, ага КР президенти катышты. Анда Кыргызстан кеңешмедеги төрагалыгын Азербайжанга өткөрүп берди. Бул жылы Кыргызстан ШКУ, ЖККУ жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинде төрагалык кылды.

Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында да кызматташуусу уланууда.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде "Паспорт", "ЗАГС" автоматташтырылган маалыматтык тутумдары киргизилди. Бишкек менен Оштун аба майдандарында е-Gates тутуму киргизилди. 2018-жылы Кыргызстанга келүүдө е-Gates ("электрондук дарбаза" өткөрүү системасы) көзөмөл кызматы менен 9 миң 300дөн ашык КР жараны – 2017-жылдагы биометрикалык электрондук паспорт (e-ID) ээлери колдонсо, ал эми е-Visa менен 27 миң 900 чет элдик колдонгон.

Аталган убакыт ичинде чет жердеги дипломатиялык жана консулдук мекемелердин саны көбөйгөн.

Ошентип 2018-2019-жылдар Кыргызстан үчүн эл аралык саясий окуяларга бай болду. Эки ири өлкөнүн мамлекет башчыларынын – Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарлары болду. Ноябрь айынын аяктарында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет.

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун 19-саммити, Монголия президенти жана Индиянын премьер-министринин расмий сапарлары болуп өттү. Алдыда ЖККУга кирген мамлекеттердин мамлекет башчыларынын отуруму өткөнү турат.

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий