• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын 2018-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү 6 млрд долларды түздү - Разаков

Экономика 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын 2018-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 6 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору" аттуу экономикалык форумда билдирди.

Ал белгилегендей, 2017-жылга салыштырмалуу ал сан 6,25% өсүп, экспорт 1%, импорт 8% өскөн.

"Евразиялык экономикалык биримдик экономиканы модернизациялоо, технологиялык лидерликке жетишүү, кошумча нарктын глобалдык чынжырчасын курууну максат кылып жатат. Товарларга ЕАЭБдин идентификация каражаттары менен белги коюу боюнча макулдашууга 2018-жылдын 2-февралында Алматыда кол коюлган", - деди Разаков.

Ал Кыргызстан товарларга белги коюу боюнча калыптануу жана өнүгүү баскычында экенин белгиледи. Ошол эле учурда Беларуста товардын 23 тобуна, Россияда товардын 10 тобуна белги коюу жасалып жатат.

"Кыргызстан өзүнүн интеграциялык багыттарын сунуштайт. Биринчи В2В интеграциясы, экинчи насыя таржымалынын бирдиктүү аянтчасын түзүү. 18-январда Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши келечектүү интеграциялык долбоорлорго катыштуу сунушту карады", - деп кошумчалап, ал бизнес уюмдарды четте турбай өз демилгелери менен чыгууга үндөдү.

Сөзүнүн аягында раззаков башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кедерге болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий