• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын 23 өзгөчө коргоодогу аймактарында видеокамералар орнотулат – Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамагенттиги

Коом 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын 23 өзгөчө коргоодогу аймактарында видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы Абдыкалык Рустамов билдирди.

Ал Айлана чөйрөнү коргоо фондунан камераларды орнотууга каражаттар табылганын айтты.

“Жакында биз видеокамераларды сатып алууга тендер жарыялайбыз. Белгилей кетсек, камералар чыныгы убакыттын режиминде маалыматтарды берип турат. Мен Бишкекте туруп, улуттук парктарда жана коруктарда эмне болуп жатканына байкоо сала алам. Бардык өзгөчө коргоодогу аймактарда интернет болот”, - деди ал.

Ошентип, камералар улуттук парктарда, Сары-Челек сыяктуу жана башка коруктарда орнотулат. Айта кетсек, быйыл адамдар сууга түшпөөсү үчүн Сары-Челек көлүнүн жээги тосулмакчы.

Рустамов ошондой эле ЖМКлардагы Баткен токой чарбасынын башчысы Абдыкалык Кимсанов өкмөттөн Кызыл китепке кирген Айгүл гүлү өскөн тоого адамдардын келип кетүүсүнө моратория киргизүүнү суранышы жөнүндө пикирин айтты. Кимсанов өз билдирүүсүн адамдар сейрек гүлдү жок кылып жатышканын, бул келечекте анын жок болуп кетишине алып келери менен негиздеген.

Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мораторийге зарылчылык жок, анткени адамдарда бул кооз гүлгө суктануу мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий