• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын 4 облусундагы чоң энелер таланттар таймашына даярданышууда

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Эртең “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөрдүн борборунда республиканын 4 облусунан чоң энелер катышкан “Канакей, чоң энелер” таланттар сынагы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Сынактын жүрүшүндө Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чоң энелердин 5 командасы таланттарын көрсөтөт. Ар бир команда өз чыгармачыл деңгээлин, турмуштук бай тажрыйбасын ыр-бий номерлери аркылуу көрсөтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, сынактын катышуучулары тапкычтык, курч акыл, дүйнө элдеринин заманбап жана улуттук кийимдери боюнча мелдешишет.

Иш-чаранын максаты – улуу муундун аброюн жана позитивдүү образын жогорулатуу, карылардын чыгармачыл потенциалын көрсөтүү болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат. Иш-чара DCA Central Asia каржылык колдоосунун алдында “Кыргызстандагы татыктуу карылык” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулары бул долбоордун өнөктөш уюмдары - ХелпЭйдж Интернэшнл, Бабушка Эдопшн, Арыш, Карылардын ресурстук борбору, Жалал-Абад айылдык консультативдик кызматы.

Пикир

Оставить комментарий