• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын 4 тонна жаңгагын Россияга өткөрбөй, жүктү артка кайтарышкан

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын жалпы салмагы 4 тонна болгон эки партия жаңгагы фитосанитардык коопсуздугун ырастаган тиешелүү документтери жок ташылып бара жаткан. Товарды кайра артка жөнөтүштү.

Россиянын айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, инспекторлор 2018-жылдын январынын башында “Карасук” фитосанитардык постунда карантиндик продукцияны кармашкан. Продукция унаа каражатында Новосибирск жана Кемерового ташылып бара жаткан.

Карантиндик мыйзамдардын талаптарына ылайык Россиянын аймагына жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги продукцияларды ташууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий