• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын 40 районунда коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар ачылат

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын 40 районунда коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин күндүзгү стационарлар бир нече күндүн ичинде бардык аймактарда ачылышы керектиги тууралуу буйрук берилген. Өкмөт башчы Бишкектин төрт районунда күндүзгү стационарлар ачылып, анда кеп-кеңештер жана медициналык кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгын эске салды.

Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылган:

1. Ленин району – Арча-Бешик конушундагы “Газпром” Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (90 орун);

2. Биринчи май району – Спорт ордосу (150 орун);

3. Свердлов району – Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (150 орун);

4. Октябрь району – Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (140 орун).

Пикир

Оставить комментарий