• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтү узартылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 25.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтү узартылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети депутат Дастан Бекешев демилгелеген Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Демилгечинин айтымында, айрым өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам аларды азыртан узартуу зарыл.

«Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деди Бекешев.

Белгилей кетсек, бул маселе тармактык комитетте биринчи окууда каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Пикир

Оставить комментарий