• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын 710 миң жараны чет жерде иштейт - Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын 710 миң жараны чет жерде эмгектенет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, бул болжолдуу сан.

"Алардын ичинен 640 миң адам Россияга, 30 миңи Түркияга, 15 миңи Кореяга кеткен. Казакстанга 30-35 миң адам кетсе, калганы Европа, Америка жана башка жерлерде эмгектенишет. Иштегени кеткендердин саны мурунку деңгээлде сакталып турат. Учурда Дания, Чехия, Польша жана Японияга жумушка орноштура турган жеке компаниялар бизден лицензия алышты. Азыркы тапта, алар биздин жарандарды жумушка орноштура баштады. Эгерде компаниянын чет жердеги жумушка орноштуруу агенттиги менен макулдашуусу болсо визаны ачууда эч кандай маселе жаралбайт", - деди Токтоболотов.

Ошондой эле ал жарандарды чет жерге иштегени кетип жатканда тил, ал өлкөнүн мыйзамдарын үйрөнүп, адамдарды саткандардын курмандыгы болуп калбаш үчүн жумушка орноштурган агенттиктерди дыкат тандоого чакырды.

"Учурда Кыргызстанда жумушка орноштурган 110 жеке агенттик иштейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий