• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын 8 алдыңкы спортчусу эң жогорку стипендия алышат

Спорт 0

Бишкек, 25-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда алдыңкы спортчулар үчүн 45 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны 8 спортчу алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эң жогорку стипендия алгандар Элеман Догдурбек уулу (эркин күрөш), Изат Артыков (оор атлетика), Ильгиз Каналбек уулу (дзюдо), Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Эсен Калиев (паралимпиадачы, пауэрлифтинг), Жыргал Орозбаев (паралимпиеадачы, пауэрлифтинг), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү) жана Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү).

Спортчуларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу, эл аралык мелдештерге катышууга өбөлгөлөө максатында спорт түрлөрү боюнча стипендиялар белгиленген. Стипендианттардын саны 284 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий