• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу жана Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын жана «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» бир тараптуу жарыялоо жана колдонуу аркылуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий