• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын абактарында 340ка жакын чет элдик жазаларын өтөөдө

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде учурда 9 миң 300 соттолгон адам кармалууда. Анын ичинен 340ы чет элдиктер.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, соттолгон чет элдиктердин эң көбүн Өзбекстандын жарандары түзөт - 32,7%. Андан кийин Тажикстандын жарандары – 24,5%. Россия – 19%, Казакстан – 16,9%, Түркия – 2,6% жана Кытай – 0,5%.

“Абакта кармалгандардын улуту боюнча түзүмү төмөнкүчө: кыргыздар - 62,1%, орустар – 16,9 %, өзбектер – 9,8 %, тажиктер –1,9 %, уйгурлар – 1,8 %, казактар – 1,3 %, дунгандар – 0,9 %, башкалар – 4,9 %”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий