• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аэропорт кызматкерлери жумушка ак калпак кийип чыгышты

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери үчүн 5-мартта жумушка улуттук баш кийим болгон – ак калпакты кийип чыгуу салтка айланган.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, бул жылы “Манас” ААК, “Ош”, “Баткен”, “Жалал-Абад”, “Исфана”, Ысык-Көлдөгү” аэропорттун кызматкерлери жумушка ак калпак кийип келишкен.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Белгилей кетсек, “Ак калпак майрамы” 2016-жылдын 5-мартынан бери расмий түрдө белгиленип келет. Буга чейин бейрасмий белгиленип келген.

Пикир

Оставить комментарий