• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот? Жооп

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот жана ал үчүн эмне керектиги тууралуу Республикалык штаб билдирүү таратты.

Ага ылайык, "Манас" аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылган:

• Бишкек-Стамбул-Бишкек;

• Бишкек-Анталья-Бишкек;

• Дубай-Бишкек-Дубай;

• Шарджа-Бишкек-Шарджа;

• Ташкент-Бишкек-Ташкент;

• Алматы-Бишкек-Алматы;

• Бишкек-Москва-Бишкек.

"Ош” аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:

• Москва-Ош-Москва;

• Ош-Санкт-Петербург-Ош;

• Ош-Новосибирск-Ош • Ош-Екатеринбург-Ош;

• Ош-Сургут-Ош;

• Ош-Красноярк-Ош .

Россия, Казахстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына келгенге чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЧР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЧР-тесттин жыйынтыгы керектелбейт.

"Мындан улам, бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгуудан мурда керектүү документтерди тактап алууну суранабыз – ПЧР-тест, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу), (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек. Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, төмөнкү багыттар боюнча ички каттамдар жандандырылды:

• Бишкек-Ош-Бишкек (күн сайын);

• Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү);

• Бишкек-Баткен-Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү).

"МАМ" аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт. Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы абзел. Ал үчүн аэропорттордо атайын белгилер жана маалыматтык стенддер бар. Колду тазалоо үчүн санитайзерди колдонууну суранабыз.

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, COVID-19 вирусун жуктурууну алдын алуу үчүн санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери учуп келген бардык жарандардын дене табын текшеришет.

Жарандарда ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкат милдеттүү түрдө болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий