• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында COVID-19дун өсүшү байкалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында COVID-19 оорусунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, санитардык талаптарды сактап, коомдук жайларда беткап кийүү, кеминде 1 метр аралыкты сактоо, колду самындап жуу жана антисептик колдонуу сунушталууда.

"Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун мезгили жыл сайын октябрь айынын ортосунан башталаарын эске алып, жарандарды оорунун белгилери пайда болгондо дарыгерге кайрылууга чакырабыз. Бир гана дарыгер текшерүүдөн кийин гана инфекциянын түрүн аныктап, тиешелүү дарылоону дайындай алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 245 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 342ни түзөт. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып чыкты, 1 миң 73 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий