• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аялзаты-энелер С.Жээнбековго добуш беришет

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. Бишкекте аялзаты-энелердин Кыргызстандын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон акциясы болуп өттү.

Иш-чарага үч жүздөн ашуун адам катышты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңшинин депутаттары, Жоокерлердин энелери комитетинин мүчөлөрү, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, ошондой эле ар кандай коомдук уюмдар менен укук коргоочу кыймылдардын мүчөлөрү бар.

Энелер талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыктарын белгилешти. Анткени, анын шайлоо алдындагы программасы калкты социалдык жактан колдоого, үй-бүлө институтун бекемдөөгө, энелер менен балдарды коргоого багытталган.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Аялдар Кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы Айнуру Алтыбаева Сооронбай Жээнбековду колдоп добуш бере тургандыгын билдирди. «Сооронбай Жээнбеков – биздин Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири. Европада, социал-демократтар башкарган өлкөлөрдөэч кандай гендердин бөлүнүү жок, аялдар эркектер менен катар эле бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Аялдар, ал тургай, президенттик кызматты да ээлеп отурушат! Азиядагы көптөгөн башка мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстанда аялдардын укуктары мыйзам менен корголгон. Мында Социал-демократтар партиясы орчундуу роль ойноду. Ошондуктан бизге Сооронбай Жээнбековдун көз карашы, позициясы жакын, ал Президент болуп шайланып калса, социал-демократиялык принциптерди карманып иш алпарат деп ишенебиз”, - деди Айнуру Алтыбаева.

Акциянын соңунда жаш балдардын “Менин үй-бүлөм” деп аталган сүрөт тартуу боюнча конкурсунун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы катышкан “Атам, апам, мен – спортту сүйөбүз” аттуу спорттук мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи өттү.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж

Пикир

Оставить комментарий