• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ташуу каналына бөгөт коюлду

Коом 0


Бишкек. 05.07.22. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Казакстандан Кыргызстанга өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну көздөгөн аткезчилик каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ленинское айылында ыкчам-тергөө иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда салмагы 1,8 кг түзгөн “гашиш” баңгизатын сатуу учурунда 2001-жылы туулган Б.К. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

Андан кийинки иш-чараларды жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер экинчи шектүү адамды кармашкан. Ал Казакстандын жараны 2000-жылы туулган М.Э. болуп чыкты.

Ал “Субару-Б4” үлгүсүндөгү унаага жашыруун орун жасап Казакстандан Кыргызстандын аймагына көрсөтүлгөн баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик жол менен алып келген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда БМЖКККсы баңгилик топтун башка мүчөлөрүн жана бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды кармоо аракетин көрүүдө.

Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилип, тергөө аракеттери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий