• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын аймагына чек арадан өтүүдөгү алгоритм иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.

Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргыз Республикасынын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат.

Ал эми өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш жана илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, ал эми чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Саламаттык сактоо министрлигине бекитилген алгоритмди тиешелүү министрликтерге тааныштыруу менен иш алып барууга тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактарда коронавирус инфекциясы илдетин жуктургандардын катталуусунун саны өскөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына региондордогу эпидемиологиялык абалга талдоо жүргүзүү милдети коюлду.

«Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо, абал курчуп кеткен учурда аны тез жөнгө салуу керек. Муну менен катар берилген тапшырмаларды ыкчам, ошол эле учурда сапаттуу жүзөгө ашыруу шарт», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр коомдук жайларда, транспортто жана имараттардын ичинде бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо режиминин аткарылышы, эпидемиологиялык коопсуздук талаптары боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

Жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарына COVID-19 илдети тастыкталган жарандар менен байланышта болгондордун социалдык обочолонуусун катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий