• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын аймагынан шекерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.22./Кабар/. Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды, - деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Токтом Кыргыз Республикасынын аймагынан кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий