• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында 2 жолу жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сеймологиялык станциясында 00:35 чамасында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынан 23 км түштүк-чыгышка карай жайгашкан.

Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында силкинүүнүн күчү 2 баллга жетти. Кыйроолор жана курмандыктар жок.

Мындан тышкары, жергиликтүү убакыт боюнча, 00:45те кайрадан жер титирөө катталып, очогунда 3,5 баллга жетти.

Силкинүүнүн очогу Тажикстандын аймагында Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 24 км аралыкта жайгашкан. Кыйроолор жана курмандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий