• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын аймагында 31-декабрда 681 жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.01.22. /Кабар/. Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-декабрь күнү республика аймагында 681 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашыкча башкаргандыгы үчүн - 64;

- жасалма айдоочулук күбөлүктөр менен унаа башкаргандыгы үчүн – 15;

- тиешелүү документтер жок унаа башкаргандыгы үчүн - 19;

- мамлекеттик номерлер жок унаа башкаргандыгы үчүн – 4;

- автоээнбаштык – 2;

- транспорт каражаттарын каттоо эрежесин бузуу – 19;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 93;

- транспорт каражаттарынын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 3;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 208;

- балдарды ташуу эрежесин бузуу – 19;

- унаа каражаттарын жолдун каршы тилкеси менен башкаргандыгы үчүн – 3;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 4;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 29;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 69.

Пикир

Оставить комментарий