• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаары 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Көк-Жар конушунда темир устундуу темир жабылган жыгач тигүүчү цехтин биринчи кабатында 20 чарчы метр опилка күйгөн.

Ошондой эле Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан ЖЧК “Исаби” ишканасынын аймагында аянтты 32 чарчы метрди чайыр күйгөн.

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде орун алган жыгач устундуу шифер менен жабылган убактылуу жашоочу үйдүн 32 чарчы метр ички жасалгасы, үй буюмдары күйгөн. Келип чыккан өрттөрдүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий